Оргуп ташыган селдин сүрү. Чаткалда тартылган видео

Жазылуу
Табигый кырсыктын кесепеттерин ӨКМдин куткаруучулары менен жергиликтүү бийлик жоюп жатат.

Чаткал районунун Шекафтар айылында жүргөн селдин ички чарбалык жолдорду жууп, үйлөрдүн айланасындагы тилкелерди каптап кеткени тартылган видеону Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү жиберген.

Жайдын саратанында Ысык-Көлгө мөндүр жаады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жайдын саратанында Ысык-Көлгө мөндүр жаады. Видео
ӨКМдин маалыматы боюнча сел 21-июндагы нөшөрлүү жаандан кийин жүрүп, трассанын төрт метрин алып кеткен. Мындан улам жол убактылуу жабылган.

Мындан тышкары, Жунус айылынын бир жашоочусунун сарайын каптап, Кызыл-Корго айылындагы жолдун 10 метрлик аралыгы менен көпүрөнүн бир бөлүгүн жууп кеткен.

Кырсыктын кесепеттерин ӨКМдин кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жоюуда. Ушу тапта жол ачылган.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0