Сүрүн карачы! Баткендин түркүн сыр каткан тоолорунун асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Өзүнө миң түрлүү сырларды каткан Баткен тоолору асмандан кандай көрүнөрүнө кызыгасызбы? Sputnik Кыргызстан агенттигинин чыгармачыл тобу жерине барып, тартып келди. Ал эми жергиликтүү тургундар бул тоолор тууралуу уламыштарды айтып берди.

Мисалы, дал ушул тоолордун арасында илгери соттолгондорду жазалоо үчүн түшүргөн үңкүрлөр бар. Жазалангандардын айрымдары жоголуп кеткен алтын-күмүштөрдү таап кайра келишкен. Айрымдары баш айланткан коридорлордо адашып жүрүп, мерт болгон.

Жети облустун каалаган жерине сапар алыңыз - Sputnik Кыргызстан
Эки жакка чыгып эс алабыз. Тандаңыз. Жети облустун каалаган жерине сапар алыңыз
Бул тоолордун арасынан эң белгилүүсү Кадамжай шаарына жакын жерде жайгашкан. Уламышка караганда, бир нече кылым мурда жерин басып киргендерден качып кеткен хан дал ушул тоодо жашаган экен. Кийин тоо арасында эриккенинен мал-жаны менен чогуу ташка айланып кеткен деп айтылат.

Баткен облусунун аймагында Түркстан жана Алай тоо кыркалары орун алган.

Мындан тышкары, Баткен облусунда орун алган Кулунду айылы тууралуу дагы кызыктуу макаланы окусаңыз болот. Андан кулундулуктар бир заматта кантип байып кеткени тууралуу биле аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0