Бишкектин футбол талаасында көз жумган баланын соңку мүнөттөрү. Видео

Жазылуу
Кечээ, 13-июнда, Бишкек шаарында 11 жаштагы бала футбол ойноп жатып каза тапты. Алдын ала маалыматтар боюнча ага футбол дарбазасы кулап кеткен.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы окуя болгон жерге барганда ал жерде иштеген Санжар аттуу киши кырсык шаршемби күнү саат 19.00-19.30дар чамасында болгонун билдирди.

"Ал учурда мен отун жарып жаткам. Саат 19.00дөр чамасында жубайым келип футбол талаасынын аймагына кирүүгө аракет кылган эки баланы кууп чыкканын билдирди. Мини футболдук талаа чайкананын жанында жайгашкан. Балдар короонун арты менен киргенге аракет кылышыптыр. Кийинчерээк эч ким жок маалда алар уруксаты жок кирип алып топ ойной башташкан", — деди Санжар.

Анын айтымында, бир маалда коңшу футбол талаасында ойноп жаткандар ызы-чууга түшүп эле балдар ойноп жаткан талааны көздөй чуркашкан. Жеткинчектердин биринин башы канжалап, эсин жоготуп жерде жаткан болот. Ошол жердеги күбөлөр кайра-кайра тез жардамга чалышкан. Бирок футболдук талаанын кызматкерлеринин бири баланы колуна алып Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жөнөгөн. Ооруканага жеткенде 11 жаштагы бала каза болуп калганы белгилүү болгон.

Капельница. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Ак-Буурага агып кеткен 5 жашар кыз ооруканада чарчап калды
"Биз келгенде футбол дарбазалары ордунда турган. Баланын маңдайы шишип кетиптир. Аны көтөргөндө желкесинен кан куюлуп кетти. Бала эмнеден улам мынчалык катуу сокку алганын түшүнбөй турабыз", — деди Санжар.

Учурда Ленин райондук ИИББ менен футболдук талаанын кызматкерлери кырсык болгон учурда баланын жанында жүргөндөрдү издеп жатат.

Эске салсак, буга чейин Пишпек районунда футбол талаасында 11 жаштагы бала каза болгону айтылган. Алдын ала маалыматтар боюнча аны футбол дарбазасы басып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0