Маданият министрлиги ысырап менен насыяга өткөн тойдун кесепетин көрсөттү

Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги той-аштардагы ысырапкорчулукка бөгөт коюу максатында "Балаңды карызга батырба!" аттуу социалдык ролик чыгарды.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, айрым эсептөөлөр боюнча банктан алынган насыялардын 20 пайызы той өткөрүүгө жумшалат. Акчанын бир бөлүгү сапатсыз, кийилбей турган кийиттерди сатып алууга жана башка чыгымдарга коротулат.

"Тойго алган насыясынан убагында кутула албай, кыйналган үй-бүлөлөрдүн саны миңдеп саналууда. Коомдук муктаждыкты эске алуу менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги социалдык роликтерди чыгара баштады. Анын алгачкысы "Балаңды карызга батырба!" деп аталат", — деп жазылат билдирүүдө.

Роликте той өткөрүү үчүн банктан насыя алган ата-эненин окуясы чагылдырылган. Алар тойдон кийин карызга батып калгандыктан, балдары Россияга барып иштөөгө аргасыз болгонун көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлик кыргыз тойлорун жаңы үлгүдө өткөрүү боюнча сценарийге сынак жарыялаган. Мыкты идеялар 15-сентябрга чейин кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0