Өкүмдү уккан Садыр Жапаровдун тарапташтары сот залында чуу салды. Видео

Жазылуу
Жогорку соттун коллегиясы мурдагы депутат Садыр Жапаровго чыккан шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Соттук отурум учурунда прокуратуранын өкүлү бардык жагдайлар аныкталып, такталганын айтып, Жапаровду актоого негиз жок экенин билдирди.

Сот залындагы айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев өзү менен кошо "ала кеткен" саясатчылар
Жогорку сот "шаардык соттун чечими күчүндө калтырылсын" деген өкүмүн окуганда залдагылар "наалат, наалат" деп кыйкырып чыгышты. Сотту көздөй жулунгандарды милиция кармап калды.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 2017-жылы 2-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 11,6 айга кесилген. Кийин райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

УКМК 2017-жылы 25-мартта Садыр Жапаровду чет өлкөдөн Кыргызстанга киргенде камакка алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0