Футболист журналист кызды көздөй кулаган темирди тээп токтотуп калды. Видео

Жазылуу
Польшалык футболист Михаил Паздан интервью учурунда журналист кызды көздөй кулаган жарык берүүчү темирди тээп токтотуп калган.

Улуттук курама команданын мүчөсү дүйнөлүк чемпионаттын алдында команданын мелдешке даярдыгы боюнча айтып берип жаткан. Маек учурунда шамал жарык берүүчү темирди учуруп, ал журналист кызды көздөй кулаган. Бирок футболист убагында аны буту менен тээп токтотуп калган. Тасма Youtube TVP Sport каналына жарыяланган.

Видео чыккандан кийин спортчунун дарегине көп жакшы пикирлер айтылып, соцтармак колдонуучулары "Паздан бир гана улуттук команданын эмес, сулуу аялдардын да коргоочусу" деп жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0