Жер алдында 8 саат жаткан ымыркайды тирүү алып чыгышты. Видео

Жазылуу
Өз үйүнөн көз жарган 15 жашар кыз ымыркайды чарчап калды деп ойлогон.

Бразилияда жаңы төрөлгөн ырымкайды үй-бүлөсү чарчап калды деп ойлоп тирүүлөй көөмп салган. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды. 

Маалыматка караганда, Мату-Гросу штатынын 15 жаштагы тургуну ымыркайды өз үйүнүн жуунучу бөлмөсүндө төрөгөн. Кыздын энесинин айтымында, бала төрөлөөрү менен жерге кулап түшүп, эси ооп калганда аны чарчады деп ойлошкон.

"Ымыркайды короого көөмп коюшкан. Бирок окуяга капысынан күбө болуп калган кошуна бул тууралуу полицияга кабар берген", — деп жазылат макалада.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери жерине келип, сегиз саат өткөндөн кийин наристени жер алдынан аман алып чыгышты.

Басылмада жазылгандай, наристени тез арада ооруканага жеткиришкен. Карап чыккан дарыгерлер анын баш сөөгү сынганын, бирок жашоосуна коркунуч жок экенин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0