Токойду коргогон орангутан бульдозер менен кармаша кетти. Видео

Жазылуу
Индонезияда токойду талкалап келе жаткан бульдозерго ал жерди байырлаган орангутан каршы чыгып, машина менен кармашты.

Борнео аралында тартылган видеону International Animal Rescue жаратылышты коргоо уюму жарыялады.

Сеть шокировало видео ожесточенной схватки двух кобр - Sputnik Кыргызстан
Эки кобранын тиштешкен кармашы интернетте катуу талкуу жаратты
Кадрларда көрүнүп тургандай, жаныбар бактарды түбү менен омкоруп келе жаткан бульдозердун сузгучуна асылып, машинист аны кайра жерге ыргытып жатат.

Ордунан араң турган маймыл унаанын кабинасына кирүүгө аракет кылып, бирок аны уктатуучу ок менен атып салышканын көрүүгө болот.

The Mirror басылмасынын жазганына караганда, бул видео 2013-жылы тартылган. Бирок коомчулукка эми гана чыгарылып жатат.

Жыйынтыгында жаныбарлардын укугун коргогон уюм орангутангды сактап калып, жергиликтүү тургундарга токойду аеосуз кыюунун кесепеттери тууралуу маалымат берген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0