Бишкектин айдоочулары Тез жардамга жол береби? Милициянын видео отчету

Жазылуу
Бишкекте мобилдик батальондун бир нече унаасы, ЖКККББ, Тез жардам кызматы менен биргеликте "Маяк" рейдине чыкты.

Работа ГУОБДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бир жумада 11 миллион сом! ЖКККБ он миңдеген айдоочуга айып салды
Бишкекте бир саат ичинде 21 айдоочу маяк менен бара жаткан кызматтык унааларды кое бербей койгону үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Рейдке мобилдик батальондун бир нече унаасы, ЖКККББ, Тез жардам кызматы жана ШИИБдин техникалык көзөмөл бөлүмүнүн начальниги Белек Алымов катышкан.

"Бүгүн борбор калаада "маяк" аталышындагы рейд жүрдү. Анын алкагында Тез жардам менен милициянын кызматтык унаалары маяк менен шаарды кыдырышты. Бул профилактикалык иш-чара болуп эсептелет", — деп Алымов билдирген.

Иш-чаранын жыйынтыгында жол эрежесин сактабаган жана маяк менен бара жаткан кызматтык унааларды кое бербей койгон 21 айдоочуга айып салынып, эки унаа айып короого токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0