Катары менен шуулдап кызыл жарыктан өткөн маршруткалар. Видео

Жазылуу
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга карата чара көрмөкчү.

Бишкектин Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган үч микроавтобус жол чырак кызыл жанып турганына карабай өтүп кеткен.

Аялдамада турган шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүргүнчү аялга кол салган маршрутка айдоочусу иштен четтетилди
Видеокаттагычка түшүп калган тасманы Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналы аркылуу күбө жиберген.

Анда Абдрахманов көчөсү менен түндүктү көздөй бараткан үч маршруттук такси удаасы менен тыюу салынган белгиден өтүп баратканын көрүүгө болот. Алардын оң жагындагы Москва көчөсү жабык турат.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы эреже бузган айдоочуларга карата чара көрүлөрүн айтты.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0