Ыйлаган ымыркайдан улам сөзүн токтоткон Путин: баланы чочутуп алдык

Жазылуу
Майрамдык иш-чарада Россиянын өлкө башчысы көп балалуу ата-энелерге "Ата-эненин даңкы" орденин тапшырган.

Россиянын президенти Владимир Путин 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата өткөн иш-чарада сүйлөп жатып, ыйлап жаткан ымыркайга көңүлүн бурду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты. 

Өлкө башчысы көп балалуу ата-энелерге "Ата-эненин даңкы" орденин Кремлде тапшырган. Майрамдык аземде Путин куттуктоо сөзүн сүйлөп жаткан учурда кичинекей бала ыйлагандыктан сөзүн бир саамга токтоткон.

"Апасына баргысы келип жатат, туура кылат", —деди Путин.

Бир аз убактан кийин ымыркай кайра ыйлап, президенттин көңүлүн өзүнө бурду.

"Баланы чочутуп алдык окшойт. Эч нерсе эмес азыр тынчтанат", — деди ал.

"Ата-эненин даңкы" ордени жети же андан ашык баланы өстүргөн жубайларга берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0