Күбөгө милиция менен таксисттин жаңжалын "тартпа" деп тоскоолдук кылышты. Видео

Жазылуу
Жума күнү, 1-июнда Бишкек шаардык милиция бөлүмүнүн алдынан милиционер таксистти көтөрүп кеткен жерде бир эмес, эки окуя болгон.

Милиция менен таксисттин жаңжалын видеого тартып жаткан күбөгө бейтааныш кишилер келип "тартпа" деп буйруган. Муну менен токтоп калбастан телефонун тартып алууга аракет жасашкан.

Присвоение звания младшего лейтенанта 20 сотрудникам службы Мобильного батальона 102 в ГУВД Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте таксистти кордогон милиционерлерге кандай чара көрүлгөнү айтылды
Видеодо милиция менен таксисттин окуясын тартып жаткан күбөгө башка милиционер менен форма кийбеген дагы бир киши келип, "видеого тартпа" деп жатканы көрүүгө болот.

Бейтааныш киши телефонду жулуп ала албай калгандан кийин күбөнүн документин талап кылган. Алардын айтышып жатканын батирдин терезесинен тартып алган экинчи күбөнүн видеосунан дагы байкоого болот.

Бишкек милициясынын ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы бул окуя боюнча ички тергөө иштери жүрүп жатканын, ал райондук прокуратуранын кароосуна берилерин маалымдады.

Буга чейин окуя боюнча аймактык тескөөчү менен бөлүм башчыга катуу сөгүш берилгени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0