Бишкектин чок ортосунда суу кууру жарылды. Видео

Жазылуу
2-июнда эртең менен Чүй проспектиси менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде суу кууру жарылды.

Крандан суу алып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин бир бөлүгүндө муздак суу өчүп калды. Себептери
Бишкектин борборунда жерди сугара турчу куур жарылып, суу жолго атылып жатканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.

Авария эртең менен саат 10:30дар чамасында болгон.

"Зеленхоз" муниципалдык ишканасынын маалымат кызматы куурдагы басым көбөйгөндүктөн ал жарылып кеткенин кабарлады. Ал эми Коммуналдык кызмат абалды жөнгө салып койду.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0