АКШда полиция аялды кызынын көзүнчө жерге басып алып сабады. Видео

Жазылуу
Полициянын өкүлү кызды жерге жыгып, баштан ары бир-эки жолу чаап, муунткан. Күбөлөр окуяны видеого тартып алып, интернетке жарыялашкан.

Американын Нью-Жерси штатында полиция кызматкери пляждан аялды сабаганын Huffington Post басылмасы жазды.

Акция протеста против абортов в Лиме - Sputnik Кыргызстан
АКШ: 13 баласын чынжырга байлап койгон ата-эне кармалды
20 жаштагы Эмили Вайнман үй-бүлөсү жана кызы менен пляжга эс алуу үчүн келген. Полициянын үч өкүлү аялдын сыра ичип отурганын байкап, алкотестерден өтүүнү талап кылып, кармоого аракет кылышкан. Эмили каршылык көрсөткөндө бир полиция кызматкери аны жерге жыгып, баштан ары бир-эки жолу чаап, муунтуп баштаган. Видеодо ары жакта ыйлап жаткан кичинекей кыздын үнүн угууга болот.

Видео интернетке жарыяланып кеткенден кийин ички териштирүү башталып, үч полиция кызматкеринин экөө кызматынан убактылуу четтетилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0