Светлана Назаренко: турмуштагы жетишкендиктерим оңой-олтоң келген жок

Жазылуу
"Город 312" тобунун ырчысы Светлана Назаренко Санкт-Петербургдагы концертинен кийин "Наивными путешественниками" долбоорунун өкүлдөрү менен жолугуу үчүн бир күнгө кармалды.

Ырчы менен алып баруучу совет доорундагы коммуналдык батирде жолугушкан.

Аткаруучу жашоодогу бардык жетишкендиктерине өз күчү менен жеткенин айтып, оңой-олтоң эч нерсе келбегенин билдирген.

"Кыргызстанда жашап жүргөндө дагы башкалардан алган акчаларды тыйынына чейин иштеп берип, кээде жарнамалап же барып ырдап берчүмүн… Мени тааныгандар эч качан карызкор болбой турганымды жакшы билишет. Менин мүнөзүм ушундай болгонуна сыймыктанам", — деди ырчы.

Назаренко ошондой эле ырчыларга коюлган талаптарга аябай дыкат мамиле кыла турганын айтып, өзүнө берилген ишти максималдуу түрдө жакшы аткара турганын жана башкалардан да ошону талап кылганга укугу бар экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0