Студенттен 1000 доллар пара алып жаткан мугалим кармалды. Видео

Жазылуу
Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин студенти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кайрылып, мугалими дипломдук ишти жактоодо жакшы баа үчүн 1500 доллар талап кылып жатканын айтып кайрылган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин кафедра жетекчилеринин бирин пара алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

"21-май күнү оперативдик иш-чаралардын алкагында аталган окуу жайдын ага окутуучусу К.А. аттуу жаран пара алып жаткан жеринен кармалган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 221 (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 225-беренеси (мыйзамсыз түрдө акча каражатын алуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0