Оштогу ири чайкананын өрттөнүшү. Күбөнүн видеосу

Жазылуу
Түндө чыккан өрт бир сааттан кийин өчүрүлгөн.

Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Чайна Петроль Компани Жунда мунай иштетүүчү заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балтадагы "Жунда" заводунда өрт чыкты. Видео
Ош шаарындагы Раимбеков көчөсүндө жайгашкан "Дүрдана" чайканасында чыккан өрт аталган жайдын 70 чарчы метр шыбын жалмап кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Кырсык 24-май күнү болгон. Ал эми билдирүү саат 22.14тө түшүп, бир сааттан кийин өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жеринде эки бөлүм иштегени айтылды.

Маалыматка ылайык, кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Өрткө мештерди пайдаланууда өрт коопсуздугу боюнча эреженин бузулушу себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0