Милиция жеке унаа менен куугунга түшкөн. Кызды учура сүзгөн окуянын жаңы видеосу

Жазылуу
Апрелдин ортосунда таңга жуук Бишкектеги "Россия" кинотеатрынын жанында автоунаа учура сүзгөн 17 жаштагы кыз мерт болгон.

Аталган жол кырсыгы 14-апрелде болжол менен саат 05.00дөрдө болгон. Жаракат алган кыз жеринде жан берген. Бишкек шаардык милициясы аны сүзгөн айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жатканын билдирген. Биринчи Май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып №1 тергөө абагына эки айга камалган. Бирок тергөө учурунда эркиндикке чыгып кеткен. Жергиликтүү ЖМКлар кырсыктын себепкери болгон айдоочу Ички иштер министринин экс-орун басары Нурбай Касымбаевдин уулу экенин жазышкан.

Профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аягына чейин турам! Чемпион Орзубек Назаров ИИМден 10 млн. сом өндүрүү ниетинде
Интернетте кырсык болгонго чейин болгон окуялардын видео байкоого тартылып калган ирмемдери жарыяланды. Кадрда көрүнгөндөй, кырсыктан бир канча мүнөт мурун күмүш түстүү жол тандабастын артынан көк жеңил унаа кууп келип токтоткон.

Көк машинадан Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлеринин формасына окшош кийимчен эки киши түшөт. Бирөөнүн колунда ала таяк күйүп турган. Алар келип жол тандабастын эшигин ачып, ичиндегилер менен бир топко чейин сүйлөшүп турушат. Бир маалда жолтандабас тараптан бир кыз пайда болуп, жолдун берки бетин көздөй басат. Ошол учурда аны Toyota Camry келип сүзгөн.

Блогер Болот Ибрагимов өздүк баракчасына ал видеону жарыялап, куугун BMW үлгүсүндөгү унааны токтотконун жазды.

"Бир нече көз ирмемден кийин BMW унаасынан бир кыз чыгат да, анан бери жагы үч адамдын көз алдында Toyota учура сүзгөн. Көрсө, биз кырсыктын күбөлөрүн издеп жатканда, муну жетишээрлик сандагы адамдар билип жүргөн турбайбы…", — деп белгилеген Ибрагимов.

Бул боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынан сураганда BMW унаасын кууп келген көк түстөгү жеңил машинада ЖКККББнын кызматкерлери экенин тастыктады.

"Учурда ал кызматкерлер ишке күбө катары келип жатат", — деп билдирди шаардык милиция.

Ошондой эле маалымат кызмат мыйзам боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККББ) кызматкерлери атайын унаа менен куугунга түшүүгө укуктуу экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0