Бүркүт менен түлкүнүн олжо талашкан кармашы. Видео

Жазылуу
Тамак үчүн абадагы күрөш көпкө созулбай, бир нече ирмемдерден кийин түлкү жерге кулаган.

Бүркүт олжосун тиштеп жүгүрүп бара жаткан жаш түлкүнү талаадан илип кетип, экөө асманда кармашып жаткан видео интернетке жарыяланган.

Дикие рыси орут друг на друга почти по-человечески — поразительное видео - Sputnik Кыргызстан
Бири-бирине айбат көрсөтө ырылдашкан сүлөсүндөр. Таң калычтуу видео
Сейрек кездешкен бул көрүнүштү фотограф-натуралист Кевин Эби тартып алган. Видеону Fox News жарыялаган.

Кадрдан түлкү тиштеп алып чуркап бара жаткан коенду бүркүт илип асманга дароо чыкканын көрүүгө болот. Олжосун кое бергиси келбеген түлкү аны менен кошо алты метрдей бийиктикке көтөрүлгөн. Тамак үчүн абадагы күрөш көпкө созулбай, бир нече ирмемдерден кийин түлкү жерге кулап, ал эми канаттуу беркинин оозунан жулуп алган коенду мыкчыган бойдон учуп кеткен.

Жерге кулаган жырткыч жаныбар эч нерсе болгон эмес.

"Бүркүт учуп кеткенден кийин түлкүнү бир нече ирет сүрөткө тартып, эч кандай деле жараат алганын байкаган жокмун. Асмандан шуулдап келе жаткан канаттууну көргөн түлкү коенду таштай качат деп ойлогом, бирок андай болгон жок", — деген ал.

Интернетке буга чейин тыйын чычкан менен жыландын кармашынын видеосу чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0