Бири-бирине айбат көрсөтө ырылдашкан сүлөсүндөр. Таң калычтуу видео

Жазылуу
Интернетте эки сүлөсүндүн видеосу күнгө күнгө популярдуу болуп бара жатат. Бир нече күндүн ичинде эле тасма Facebook тармагынан 7 миллион жолу көрүлгөн.

Видео Эд Трист тарабынан Канаданын Онтарио шаарына жакын жерде тартылган. Автордун айтымында, аталган аймакта сүлөсүндөр көп кездешет, бирок адатта алар адамдарды көргөндө качып кетчү.

"Бу жолу жапайы мышыктар жол ортосунда 10 мүнөттөй ырылдашып турду. Эч кимге көңүл да бурушкан жок. Үндөрү да адамдыкына окшош экен", — деди Трист.

Видео көптөгөн пайдалануучуларга жаккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0