Сокулукта Volkswagen Jetta адамды учура сүздү. Кырсыктын видеосу

Жазылуу
Видеодон машиналар эки тарапка катуу жүрүп жатканда бир жигит жолго чуркап чыга коюп, аны Volkswagen Jetta унаасы ыргыта сүзгөнүн көрүүгө болот.

ДТП с микроавтобусом 224 напротив ТРЦ Бишкек парк - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте маршрутканын айынан бир нече киши жана автоунаалар жабыркады. Сүрөт
Өткөн жумада, 18-май күнү, Сокулук айылында унаа кишини коюп кеткен. Күбөнүн жиберген видеосунда жашыраак бала жолдун четинде машиналардын токтошун күтүп турганын көрүүгө болот. Унаалардын агымы бир аз азайып калган маалда чуркап чыгат. Ошол учурда артынан келген кызыл түстөгү Volkswagen Jetta үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп кеткен.

Ал эми Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы 18-майда аталган жайдан жол кырсыгы боюнча маалымат түшпөгүнүн билдирди. Ошондой эле айдоочу менен жабырлануучу мунасага келип өз ара сүйлөшүп алышы мүмкүн экендиги маалымалды.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0