Түрмөдө 17 жыл отуруп акталган америкалык жаран сот залынан ыйлап жиберди. Видео

Жазылуу
Банн 1991-жылы түрмө күзөтчүсүн өлтүрүүгө шектелип камалган. Анда ал болгону 14 жашта болчу.

РИА Новости Украина агенттигинин журналисти Кирилл Вышинский. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия: журналист Вышинскийдин Украинада кармалышы боюнча иш козголду
АКШда Жо Банн аттуу киши ак жеринен адам өлтүрүүгө айыпталып, 17 жыл түрмөдө отурган. Анын бейкүнөө камалып кеткени сот залында далилденгенде, чыдабай ыйлап жиберген. Банн сотко ыраазычылык билдирип колун өпкөн. Бул адамга арналган сюжетти PIX 11 телеканалы чыгарганын РИА Новости жазып чыкты.

Банн 1991-жылы түрмө күзөтчүсүн өлтүрүүгө шектелип камалган. Анда болгону 14 жашта экен. Абакта 17 жыл отургандан кийин 2009-жылы мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылган. Бирок ошентсе да ал өзүнүн актыгын далилдөө үчүн аракетин токтоткон эмес.

"Бул иш акыйкатсыз каралган. Аны эркинен ажыратуу үчүн олуттуу себептер болгон эмес", — деп билдирген Банндын жактоочусу.

Ал эми судья Шандия Симпсон аябай толкунданып жатканын айткан.

"Ошол учурда араң 14 жашта  экенсиз. Мындай көрүнүш болбошу керек эле. Сиздин ишиңизде эч кандай акыйкаттык болгон эмес", — деп белгилеген сот.

Телеканал акталган Банн "өзүн кармай албай сот залында ыйлап, 27 жыл ичинде күнөөсүз экенин далилдегени үчүн Кудайга ыраазычылык билдиргенин" кабарлаган.

Банн былтыр, 2017-жылы Американын түрмөлөрүндөгү адамдарды колдоо максатында avoice4theunheard.org уюмун негиздеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0