Бишкекте кызды коюп кете жаздаган унаанын жанынан милиция өтүп кетти. Видео

Жазылуу
Учурда милиционерлер менен эреже бузган айдоочу изделип жатат.

Бишкекте белгисиз айдоочу жөө адамды аз жерден коюп кете жаздады. Ал эми милициянын машинасы окуя болгон жерден өтүп кеткен.

Самат Кадырбаев аттуу интернет колдонуучу өзүнүн Facebook баракчасына окуянын видеосун жүктөгөн. Ал "Бул эмне болгон айдоочу? ИИМ кызматкерлеринин көзүнчө эреже бузуп, жазасын алган жок" деп суроо салган.

Жоругуңар жолдо калсын! Маршрутка айдоочуларынын каттамдагы видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жоругуңар жолдо калсын! Маршрутка айдоочуларынын каттамдагы видеосу
Видеодо көрүнүп тургандай, окуя Москва менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Айдоочулар жол чырактын кызыл жарыгына токтоп, жөө адамдар өтүп бараткан. Капыстан Москва көчөсү менен катуу ылдамдыкта келе жаткан Honda Accord үлгүсүндөгү унаа аз жерден кызды коюп кете жаздаган. Чочуп кеткен кыз телефонун жерге түшүрүп алды. Ал эми эреже бузган айдоочу токтобостон сапарын уланткан. Бул учурда Ибраимов көчөсүнөн Москваны көздөй ЖКККББнын өкүлдөрү бурулуп жатып эреже бузууну байкаса да токтобой кетип калган.

Бишкек ЖКККББ Sputnik Кыргызстан агенттигине айдоочу менен милициянын унаасында отургандар изделип жатканын билдирди. Иш башкармалыктын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.

ИИМдин ички тергөө кызматы дагы ушул иш менен алектенип жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0