Кытайдын карызынан кантип кутулабыз? Коомдук пикир

Жазылуу
Каракол шаарынын активисттери Кыргызстандын Кытайга болгон карызын чогулуп төлөөнү сунуш кылып, "антпесе жерлерибизден айрылып калышыбыз мүмкүн" деп коомчулукка видео кайрылуу жасады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги активисттердин мындай демилгесине калаа тургундары кандай көз карашта экенин билип көрдү.

Демилгечилер президент Сооронбай Жээнбековго да кайрылып, "Тажикстан Кытайга болгон жарым миллиард карызы үчүн жерин бергендей болуп биз да тарттырып жибербейли" деген оюн айтышкан. Ошондой эле карызды төлөө үчүн жөнөкөй жарандар акча чогултуп, эсептик депозит ачууну сунуштаган.

Мындай сунушту бишкектиктердин айрымдары колдосо, кээ бири так секирип бир тыйын да бербей турганын айтты. Арасында "ага эмес, башкага акча таппай жатабыз"деп чыгып, аргасыздан күлгөн адамдар да болду.

Эске салсак, Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 1,7 миллиард доллар. Бул өлкөнүн тышкы карызынын 41,9 пайызын түзөт. Салыштыра кетсек, бул сумма Кыргызстандын республикалык бюджетке бир аз гана жетпей калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0