Президент Сооронбай Жээнбеков Сочиге барды. Видео

Жазылуу
Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн барды.

Президент РФ В. Путин встретился с президентом Киргизии Сооронбаем Жээнбековым - Sputnik Кыргызстан
Путин менен Жээнбеков Сочиде эмне тууралуу сүйлөшөрү айтылды
Мамлекет башчысын аэропортто Сочи шаарынын мэри Анатолий Пахомов, Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протоколунун департаментинин башчысы Игорь Богдашев жана Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев тосуп алды.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында биримдиктин алкагында соода-экономикалык байланыштын актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык кызматташуу жана Евразиялык мейкиндикте мындан ары интеграциялоо маселелери талкууланат.

Жээнбеков ошондой Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен эки тараптуу жолугушуулары пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0