Ак-Талаада көпүрө урап, балдарын көтөргөн эл Нарын дарыясын кечип өтүүдө. Видео

Жазылуу
Көпүрөнүн урап калышына Түндүк — Түштүк альтернативалык жолун курууда унаалар ашык жүк менен өткөнү себеп болгонун айылат.

Ак-Талаада Нарын дарыясынын үстүнө курулган унаалар өтчү көпүрө урап, беш айыл өкмөттүн эли райондун борборуна каттай албай калды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Куртка айылынын тургуну Аманбай Кадыркулов билдирди.

Анын айтымында, бул Ак-Талчат — Казарман унаа жолундагы көпүрө 1964-жылы курулуп пайдаланууга берилген. Эми аны суу жууп кеткендиктен көпүрөнүн ары жагында Жогорку Май, Тоголок Молдо, Куртка, Ак-Кыя, Казарман айыл өкмөттөрү калган.

Бишкектеги айланма жолдогу аң-чөнөктөргө таш төгүлүүдө. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги айланма жолдогу аң-чөнөктөргө таш төгүлүүдө. Видео
"Түндүк — Түштүк альтернативалык жолун куруп жаткандардын унаалары 40 тоннадан ашык жүк менен ушул көпүрөдөн өтүшүнүн кесепетинен былтыр апрель айында ортосундагы бир түркүгү чөгүп, кыйшайып калган. Анан жеңил унаалар гана өтүп калды. Кийин ал да токтотулуп жөө каттап калганбыз. Кечээ суунун деңгээли көтөрүлүп баарын жууп кетти. Эми же ары же бери өтө албай айлабыз кетүүдө", — деди жергиликтүү тургун.

Өткөн жылы бул көпүрөнү куруу боюнча тендерден жергиликтүү компаниялардын бири утуп, куруу иштерин баштаган. 

"Курулушчулардан сурасам "акча жок иш жүрбөй жатат" дешти. Бул жерге президент Сооронбай Шарипович келгенде 50 миллион сом бөлүнгөнүн айтып, тез арада курулуп бүтөрүн билдирген. Бул көпүрө менен Ак-Талаа районуна бир саатта жетчүбүз. Азыр Нарын аркылуу айланып барсак аралыгы 400 чакырымдан ашат. Нарындын өзүнө барабыз десек эки саат жол жүрүшүбүз керек", — деди Кадыркулов.

Ошондой эле ал учурда элдин тиричилиги бир топ кыйындай түшкөнүн белгилеп, эгер бирөө-жарым ооруп калса ооруканага жеткирүү да машакат болот деп чочулап турган чагы.

Видеодон эркек кишилер жээкте турган жаш баланы, буюм-тайымдарын жонуна көтөрүп суу кечип өтүп жатканын көрүүгө болот. Алар дарыянын аркы бетине барып жарым бөлүгү калган көпүрөнүн үстүнө шаты менен чыгып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0