Ысык-Көл жээгиндеги 2000 жөө күлүк жана 6 миң доллар байге. Видео

Жазылуу
Бүгүн, 12-майда, Чолпон-Ата шаарында жеңил атлетика боюнча Run the Silk Road деп аталган эл аралык турнир өттү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Мелдешти Жөргөмүш киши тескегенде... Балдардын Fun Run жарышынан ирмемдер - Sputnik Кыргызстан
Мелдешти "Жөргөмүш киши" тескегенде... Балдардын Fun Run жарышынан ирмемдер
Мелдештин катышуучулары Корумду айылына чейин чуркап, кайра Чолпон-Атага келишти. Программада (42 чакырым 195 метр), жарым марафон (21 чакырым 97,5 метр), 10 миң жана 3 миң метрге чуркоо каралган.

Байге фонду 420 миң сом (6 миң долларга чукул) деп белгиленген. Биринчи орунду ээлегендерге 70 миң сом (1 000 доллар) тапшырылат. Экинчи келгендерге 50 миң сом, марага үчүнчү болуп жеткендерге — 30 миңден каралган. Ал эми жарым марафонго катышып, биринчи орунду камсыздагандар 25 миң, экинчи келгендер 20 миң, ал эми үчүнчү болгондор 15 миң сомдон алышат.

Турнирге 28 мамлекеттин 2000ден ашык профессионал жөө күлүктөр жана спорт сүйүүчүлөрү катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0