Бүк түшүргөн соккулар… Азиянын мыкты кикбоксчулары кантип аныкталды

Жазылуу
Кикбокс боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионаты 8-11-май күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өттү. Ага 14 өлкөнүн 200дөй спортчусу катышты. Кыргызстандын намысын 40тан ашык кикбоксчу коргоду.

Чемпионат Азии по кикбоксу в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын курама командасы кикбокс боюнча Азия чемпионатында экинчи орун алды
Анда Кыргызстан командалык эсеп боюнча экинчи орунга татыды (24 алтын, 16 күмүш, 18 коло). Биринчи орунду 59 медаль (26 алтын, 23 күмүш, 10 коло) менен Иран, үчүнчү орунду 24 (14 алтын, 16 күмүш, 4 коло) медаль менен Тажикстан ээледи. 

Мелдеште оюнчулар кикбокстун лоу-кик, фулл-контакт, К-1, кик-лайт, пойнт-файтинг, лайт-конктакт эрежелери боюнча жеңүүчү аталды. 

Азия чемпионаты Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги, Азиянын кикбокс конфедерациясы (WAKO-ASIA) жана КРдин кикбокс федерациясы тарабынан уюштурулду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0