Автобустардын "мүрзөсүнө" айланган жайдын бүгүнкү абалы кандай? Видео

Жазылуу
Жалпысынан алганда Бишкек муниципалитетинин карамагында 455 автобус бар. Бирок анын жарымынан көбү иштен чыккан.

Автопаркта турган 192 автобус иштебейт. Дагы жүздөгөн транспорт оңдоого муктаж. Күн сайын 100-110 гана автобус шаардыктарды ташыйт.

Иштен чыккан автобустар 2008-жылдан 2010-жылга чейин сатып алынган. Бул маалда Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп турган.

Работа общественного транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Миллиондогон сомдор! Маршруткаларды өкмөткө өткөрсөк канча акча түшмөк?
Кийин сот аны Кытайдан автобустарды кымбат сатып алган деп айыптаган. Ал автобустардын иштөө мөөнөтү аяктаганына карабай бир бөлүгү азыр да калкты ташып жатат.

Эки жыл мурун шаар башчысы Албек Ибраимов бул маселени карап, иштен чыккан автобустарды жок кылууну тапшырган.

Азырынча бузулган 192 автобус автопарктын ичинде турат. Бир нече жылдын ичинде шаардык автобус башкармалыгы транспортту сатуу боюнча тендер уюштурган. Ишкананын учурдагы директору Бакыт Темикеевдин айтымында, 50 автобусту темир-тезекке өткөрүү боюнча тендердин акыркы этаптары жыйынтыкталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0