Путинге жакындаган ардагерди жан сакчы оолактатып койду. Президенттин реакциясы

Жазылуу
Президенттин маалымат катчысы окуяны кокустук деп сыпаттады.

Президент РФ В. Путин провел заседание Совбеза РФ - Sputnik Кыргызстан
Путин кыргызстандык ардагерлерге ыраазычылык билдирип, куттук сөзүн айтты
Россиянын лидери Владимир Путиндин жан сакчысы Кызыл аянтта президентке жакындайын деген Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин оолактатып койду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Ардагер катарда басып келе жатып президенттин жанына жакындап калган. Бул учурда жан сакчылардын бири ардагерди оолактатып койгон. Окуяга көңүл бурган Путин ардагерге өзү басып барып гүлчамбар кою аземине чакырды.

Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков окуя кокустан болгонун билдирди.

"Бул албетте атайылап жасалган жок. Президент мындай көрүнүштөр кайталанбашы керектигин айтты", — деди Песков.

Ал ошондой эле президент мындай көрүнүштү байкап калып, ардагердин колун кыса гүлчамбар коюга чакырганын кошумчалады.

Айрым күбөлөрдүн версиясына караганда, жан сакчы мындай аракети менен ардагерди "жаалданган" сүрөтчүлөрдөн сактагысы келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0