Гну антилопасы арстандарды мүйүзү менен челип ыргытты. Видео

Жазылуу
Түштүк Африканын Крюгер Улуттук паркында туристтер гну антилопасы менен эки арстандын укмуштуудай кармашына күбө болушкан.

Видео аталган коруктун YouTube-каналына жарыяланган. Аны паркка унаа менен келген коноктор тартып алышкан.

В Китае девочка упала под поезд, ее успели вытащить — видео спасения - Sputnik Кыргызстан
Кытайда поезддин алдына кулаган кызды сууруп алганга жетишип калышты. Видео
Видеодо көрүнүп тургандай, алгач ургаачы арстандар ача туяктуу жаныбарды жерге жыккан, бирок акыркы сааттарда гну жырткычтардын оозунан суурулуп чыгып, кайра аларга чабуул жасаган. Анысы аз келгенсип, гну арстандардын бирин мүйүзүнө илип алып ары-бери айлантып жиберген. Арстандар акыры ача туяктуу жаныбарды жайына коюга аргасыз болушту.

Аталган паркка барган туристтер жаныбарлардын өзгөчө окуяларына көп күбө болушат. Жакында эле алар уктап жаткан арстанды челип ыргыткан буйволдун видеосун жарыялашкан.

Антилопа гну — ача туяктуу ири жаныбарлардын бир түрү.

Жаңылыктар түрмөгү
0