Бишкектеги "Өлбөс полк" акциясы. Видео

Жазылуу
Калаа тургундары менен коноктору "Өлбөс полк" акциясына кошулуу үчүн Дайыр Асанов атындагы сейил бакка чогулушкан.

Акцияны өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков баштап баратат.

Чогулган эл Байтик Баатыр — Абдрахманов көчөсү менен басып, жөө жүрүштү Жеңиш аянтында жыйынтыкташат. Маршруттун узундугу 6,6 чакырымды түзүп, акция былтыркыдай 10.00дө башталмакчы.

Марш Бессмертный полк в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "Өлбөс полктун" жөө жүрүшү. Тексттик трансляция
Коопсуздук иретинде айрым көчөлөрдө транспорт кыймылы убактылуу токтотулуп, миңдеген милиция кызматкерлери иштейт. Бардык маршрут боюнча биоажатканалар коюлуп, жол боюнда суусундук сатуу уюштурулган.

Катышуучуларды тез жардам борборунун тобу коштоп жүрөт. Эске салсак, "Өлбөс полк" акциясы Бишкек шаарында ушуну менен бешинчи жолу өтүп жатат. 2017-жылы ага 30 миң адам катышса, быйыл 50 миң катышуучу жөө жүрүшкө чыгарын уюштуруучулар айтышууда.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары учурда эл чогулган жерде. Эгер сиздерде түз эфирди көрүүгө мүмкүнчүлүк жок болсо, "Өлбөс полк" акциясы кандай өтүп жатканын тексттик трансляциядан окуй аласыздар. Тексттик трансляция улам жаңыланып жаңы сүрөт, видеолор менен толукталып турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0