Кытайдын жашоочусу узундугу беш метр болгон канализациялык тогуз түтүктү жеңил автоунаа менен ташып кетүүгө аракет кылгандыгын CGTN телеканалы билдирди.
Окуяга күбө болгон кишилер аны видеого тартып алып, интернетке жүктөп коюшкан. Кадрда Volkswagen Santana унаасынын айдоочусу анын капталдарына түтүктөрдү таңып алып, жол менен кыбыратып айдап кетип бара жатканын көрүүгө болот. Айдоочунун мындай сапары көп узабай, автоинспектор токтотуп, айып пул салган.
Буга чейин да Кытайда кызык окуя болгон. Ээсинин автоунаасын "айдай" качкан ит жанындагы дүкөндү талкалап кирип кеткен.