Кайдыгер калтырбаган ирмемдер! Шаар күнүнө арналган көк бөрү мелдешинин видеосу

Жазылуу
Көк бөрү оюну боюнча мелдештин финалык беттешүүсү Бишкектеги "Ак кула" ат майданында, Бишкектин 140 жылдыгына карата өттү.

Манастын эстелигинин жанында бийлеген кыздар. Бишкектин 140 жылдыгына белек - Sputnik Кыргызстан
Манастын эстелигинин жанында бийлеген кыздар. Бишкектин 140 жылдыгына белек
Финалда Талас облусунун "Бакубат — Талас" командасы менен Чүйдүн "Сары-Өзөн-Рассвет" командалары беттешти.

Баш байге — "Нива" автоунаасы Талас облусунун "Бакубат — Талас" командасына буюрду. Ал эми Чүйдүн "Сары-Өзөн-Рассвети" экинчи орунга ээ болуп, 100 миң сом алды. Коло байге Ош облусундагы Өзгөн районунун "Көлдүк" командасына ыйгарылып, 50 миң сом сыйлык алды.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракесине арналган турнирдин жалпы байге фондусу 500 миң сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0