Түштүк дарбазадагы керемет бий. Бишкектин 140 жылдык майрамы. Видео

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата көз жоосун алган видеолорду даярдады. Алардын бири Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында тартылды.

Роликтер калаанын кооз жерлеринде асмандан тартылган. Майрамдык маанайды Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бийчи кыздары тартуулады.

Манастын эстелигинин жанында бийлеген кыздар. Бишкектин 140 жылдыгына белек - Sputnik Кыргызстан
Манастын эстелигинин жанында бийлеген кыздар. Бишкектин 140 жылдыгына белек
Буга чейин Sputnik Кыргызстан эки ролик даярдаган. Үчүнчүсүн учурда окурмандарга сунуштоодо.

Бул гүлбак борбор калаанын түштүк тарабында жайгашкан, аянты 35 гектар. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, генерал Дайыр Асановдун атын алып жүрөт.

Кыздар бийди парктын ортосунда, Баткен окуяларынын элесине арналып тургузулган эстеликтин жанында аткарышты.

Редакция Кыргыз-түрк "Манас" университетинин алдындагы "Манастын кыздары" бий тобуна, хореограф Клара Койчукуловага, "Бийиктик" чыгармасынын автору Азамат Отунчиевге жана "Манас" университетинин ректоратына ыраазычылык билдирет.

Бишкектин күнүнө арналган майрамга карата Sputnik Кыргызстандын даярдаган роликтерин RTV, Saltanat TV, "Кыргыз ТВ" жана Event деп аталган санариптеги телеканалардан да көрө аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0