Британияда чагылган чартылдап, асмандан белгисиз нерсе кулап түштү

Жазылуу
Соцтармактагылар жерге түшкөн нерсенин эмне экенин биле албай таң калууда.

Чагылган чартылдаган маалда асмандан белгисиз бир нерсенин кулап түшкөнүн Британиядагы Бриджуотер шаарынын тургуну Меган Тейлор тартып алган. Бул тууралуу The Daily Mail жазып чыкты.

Жергиликтүү тургундун айтымында, ал эч качан мындай катуу чагылганды көргөн эмес.

"Асмандан көз алдымда эле бир нерсенинг кулап түшкөнүнө да эч качан күбө болгон эмесмин. Анын эмне экенин да билген жокмун", — деп жазган видеонун автору.

Соцтармактагылардын бири кулап түшкөн нерсе канаттуу экенин божомолдоду эле, куш анчалык чоң болбойт деп көбү ага каршы чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0