Бишкектин 140 жылдыгын утурлай кыздар Курманжан датканын эстелигинин алдында бийлешти

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракесинин алдында суктанарлык видео даярдады.

Роликте шаардын эң белгилүү жерлери асмандан тартылган. Бул жолу майрамдык маанайды Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин "Манастын кыздары" бий тобунун бийкечтери улуттук кийим кийип кыргыз бийин бийлешти. Видеолорду Sputnik Кыргызстан агенттигинин сайтынан жана социалдык тармактагы баракчаларынан, RTV, Saltanat TV, "Кыргыз ТВ" жана Event телеканалдарынан 26-апрелден тарта көрүүгө болот.

Бул жолу Алай канышасы аталган Курманжан датканын эстелигинин алдында тартылган биринчи видеону сунуштайбыз.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу Бишкек мэриясы менен биргеликте борбор калаанын 140 жылдыгына арналган Сүйүктүү шаарыбыз кечээ жана бүгүн деп аталган сүрөткөргөзмө ачты - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан жана Бишкек мэриясы шаардын 140 жылдыгына карата фотокөргөзмө ачты
Sputnik Кыргызстан агенттигинин жамааты хореограф Клара Койчукуловага, "Бийиктик" музыкалык чыгармасынын автору Азамат Отунчиевге жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректоратына ыраазычылык билдирет.

Андан тышкары, Sputnik Кыргызстан агенттиги аудиогид менен фотодолбоорлорду даярдаган.

Панорамалык сүрөттөр менен кооздолгон аудиогидди 29-апрелден тарта Sputnik Кыргызстан агенттигинин сайтынан таба аласыз. Анын жардамы менен Бишкек шаарынын эң кооз, тарыхый, маданий жерлерине виртуалдык саякат жасоого мүмкүнчүлүк болот.

Ал эми "Сүйүктүү шаарым кечээ жана бүгүн" аттуу фотодолбоор 17-апрелден тарта борбордук "Ала-Тоо" аянтында элдин назарына коюлган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу 2014-жылдын декабрь айынан тарта иштеп, окурмандар менен угармандарга кыргыз жана орус тилдеринде өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан актуалдуу жаңылыктарды сунуштап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0