Колумбияда тик учак кырсыктаган жерге келген экинчи тик учак да кыйрады. Видео

Жазылуу
Кырсык өлкөнүн түштүк-чыгышында болгон.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эмомали Рахмон учуп бараткан тик учак тоо арасында "жоголуп" кетти
Колумбияда тик учак кулаган жерде иштеп жаткан авиаинженер анын үстүнө экинчи тик учак кулап жан берди. Бул тууралуу The Independent басылмасы жазды.

Интернетке жарыяланган видеодон кырсык болгон жерге келген тик учак жерге жакын келип, ага бир киши түшүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Бирок бир саамдан кийин тик учак башкаруудан чыгып, кишилердин үстүнө кулаган. Жергиликтүү укук коргоо органдарынын айтымында, тик учак техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кыйраган.

Кырсык өлкөнүн түштүк-чыгышында болуп, Helifly компаниясынын техникалык камсыздоо кызматынын жетекчиси каза таап, башка эч ким жабыркаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0