Бишкекте Чүй облустук прокуратурасынын кызматкери мыйзам буздубу? Видео

Жазылуу
"Чыгыш-5" кичи районунун аймактык милиционери батирди суткалык ижарага бергендерди аныктады. Мындай аракетке 2016-жылы 16-апрелде кабыл алынган мыйзам боюнча тыюу салынат.

23-апрелде "Чыгыш-5" кичи районунун аймактык инспектору Нур Абдыкадыров батирин суткага, саатына ижарага бергендерди аныктаган.

"Гезиттердин биринен батирдин суткага жана саатына ижарага бериле турганы боюнча кулактандыруу таап алдык. Көрсөтүлгөн телефонго чалганыбызда бизге дарегин жана баасын айтышты. Айтылган дарек боюнча келгенде акчаны алуу үчүн 13 жаштагы кыз келди. Биз аны милиция бөлүмүнө алып келдик", — деди Абдыкадыров.

Милиционердин айтымында, бир аздан кийин өспүрүм кыздын апасы келген. Ал өзүнүн эмес кайненесинин батирин ижарага берип келгени аныкталды. Аял милиция кызматкерлерин прокуратурада иштейм деп коркутуп, жазадан качууга аракет кылган.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүз миңдеген доллар менен пара алган аткаминерлер ким? Тизме
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы болгон окуяны видеого тартып баштаганда аял  келген инспекторлор анын кызына кол салып, зордуктоого аракет кылганын айтып баштаган.

Жыйынтыгында милиция кызматкерлери мыйзамдын бузулушу боюнча протокол түзүштү. Ал эми прокуратурада иштейм деп өзүн тааныштырган аял аймактык инспекторлор анын кызына кол салганын айтып, Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына арыз жазды.

Учурда бардык материалдар ШИИББдин тергөө бөлүмүнө берилип, 13 жаштагы кызга кол салды деген айыптоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Тергөө амалдары жүрүүдө.

Чүй облустук прокуратурасынан аял Сокулук районундагы прокуратурада иштей турганын тастыкташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0