Бишкекте эки унаа кагышып, бири аласалып кетти. Видео

Жазылуу
BMW X5 менен Rang Rover Vogue сүзүшүп кеткен.

Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө аласалып кеткен унаанын жол четинде жаткан видеосун салып жиберген.

Бишкектин жака-белинде мас айдоочу үч унааны кагып кетти. Кырсыктан кийинки видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин жака-белинде мас айдоочу үч унааны кагып кетти. Кырсыктан кийинки видео
Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү кырсык болгонун тастыктады. Маалыматка ылайык, окуя 18-апрель күнү Жаш Гвардия менен Урицкий көчөлөрүнүн кесилишинде саат 14.40та болгон. Натыйжада бир адам жабыркап, ооруканага жеткирилди.

Кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Буга чейин Бишкек — Ош жолунда газ ташып бараткан унаанын цистернасы оодарылып кеткен.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0