Тротуар менен айдап бараткан маршрутканын айдоочусу. Жүргүнчүнүн видеосу

Жазылуу
Бишкекте маршруттук такси жолдун четиндеги тротуар менен менен бара жатканын ичиндеги жүргүнчү видеого тартып алган.

Жоругуңар жолдо калсын! Маршрутка айдоочуларынын каттамдагы видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жоругуңар жолдо калсын! Маршрутка айдоочуларынын каттамдагы видеосу
Күбөнүн айтымында, окуя бүгүн, 17-апрелде, болжол менен саат 12.45де Пишпек районунда болгон. 

Видеодон №281 каттамдагы маршрутканын айдоочусу тротуар менен айдап баратканын, ошол эле учурда негизги унаа жол ачык экенин көрүүгө болот. Ал жолдон машиналар ары-бери өтүп жаткан. Алдыда келе жаткан жаш кыз тротуардан чекеге чыгып маршруткага жол бошотуп берген. 

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы бул видео боюнча териштирүү жүргүзүп, анан чара көрүлө турганын билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0