12:55 16 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.1798
  • EUR80.0687
  • RUB1.0522
Видео

Боксчулар жылаңач полдо, таш дубалда күч сынашып калдыбы? Талкууга түшкөн видео

Кыскача шилтеме алуу
58801
© Видео / Бекболот Тагаев

Видео интернетке тарагандан кийин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик чара көргөн.

Эки күн мурда интернет тармагына бокс боюнча мелдештин видеосу жарыяланган. Анда балдар жылаңач полдо орнотулуп, эки чети дубал болгон рингде боксташып жатканын көрүүгө болот. Социалдык тармактын колдонуучуларынын бири мушкерлердин ден соолугуна кабатыр болсо, экинчиси "бокс учурда кейиштүү абалга келдиби" деп суроо салган.

Көп өтпөй видео 6-8 апрель күндөрү Кочкор-Ата шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы Ноокен районунун биринчилигинде тартылганы белгилүү болду. Бул тууралуу Мамагенттиктин маалымат кызматынын жетекчиси Нурдин Султамбаев билдирди.

"Кочкор-Атада мелдеш өткөрүүгө рингдер жетишсиз экендиги чындык. Бирок уюштуруучулар Жалал-Абад облусундагы шарты бар жерде турнир өткөрүүгө милдеттүү болчу. Алар эрежени бузуп спорт мектептин жөнөкөй залында өткөрүшкөн", — деди Султамбаев.

Анын айтымында, бул боюнча шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директоруна эскертүү берилип, машыктыруучуларга тиешелүү чараларды көрүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма берилди.

Ошондой эле Султамбаев мелдеш учурунда жаракат алгандар болбогонун кошумчалады.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өлкөнүн эң мыкты жаш боксчуларын тизмектеген.

Тема боюнча

Рингден жолугабыз! Дүйнөнү муштуму менен дүңгүрөтүп жаткан боксчулар ким?
Аягына чейин турам! Чемпион Орзубек Назаров ИИМден 10 млн. сом өндүрүү ниетинде
Белгилер:
видео, мелдеш, бокс, Спорт, Нурдин Султамбаев, Кочкор-Ата
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ