АКШда зордуктоодон коргой турчу "акылдуу" билерик жасалды

Жазылуу
Билерик Bluetooth аркылуу телефонго байланышып, тийиштүү кызматтарга кабар берет

Америкалык окумуштуулар аялдарды зордуктоодон жана тоноодон коргой турчу атайын билерик жасады. Бул тууралуу Алабама университетинин расмий сайтында маалымдалды.

"Кооптуу кырдаал болгон учурда 911 кызматын чакыруу үчүн атайын тиркемени колдонуп же атайын баскычты басканга туура келет. Башына иш түшкөн киши буларды да жасай албай калышы толук ыктымал", — деген пикирин изилдөө тобунун мүчөсү Рагиб Хасан билдирди.

Секс кукла. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар секс-роботтордун зыянын айтып, коңгуроо кагууда
Андыктан окумуштуулар жогорудагы көйгөйдү чечүү үчүн атайын билерик жасаган. Ал аялга кол салуу же зордуктоого аракет болгон учурда Bluetooth аркылуу телефонго байланышып, тийиштүү кызматтарга кабар берет.

Билекке тагылчу буюм кишинин жүргөн жерин, ордунда турганын же жерге жатып калганын да аныктай алат. Ошондой эле билериктен катуу үн чыгат, бул өз кезегинде башкалардын да көңүлүн бурат.

Окумуштуулар аталган билерик майыптар менен кары-картаңдарга да пайдасы тиерин айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0