Сүлөсүн менен жыландын айыгышкан кармашы. Видео

Жазылуу
Жыйынтыгында сүлөсүн жеңип, жыланды тиштеп алып кеткен.

Американын Аризона штатынын тургундары жолдун жээгинде кармашып жаткан сүлөсүн менен жыланды видеого тартып алышканын Sputnik Азербайжан жазып чыкты.

Аталган видео YouTube каналына жайгаштырылган.

Сойлоп жүрүүчү жаныбар менен сүлөсүндүн "согушу" бир мүнөткө да жеткен эмес. Кармашта сүлөсүн жеңип, жыланды тиштеп алып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0