Австралия: эки күн бою крокодилдердин ортосунда калган киши куткарылды. Видео

Жазылуу
Куткаруу аракеттеринен майнап чыгып, балыкчы аман-эсен үйүнө кайткан

Австралияда балыкчы кайыгы менен крокодилдер байырлаган суунун тайыз жерине барып, туруп калган. Ал эки күндөн кийин гана куткарылганын Daily Mail басылмасы жазды.

В ЮАР раненого в схватке с крокодилом жирафа съели львы — жестокое видео - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Африкада крокодил менен алышып жараланган акыра арстанга жем болду. Видео
Киши Виктория дарыясына балык уулоого чыгып, суу тартылганда агым менен тайыз жерге чыгып калган. 12 сааттан кийин суунун агымы калыбына келгенде кайык баткакка батып калгандыктан, калкып чыккан эмес. Андыктан балыкчы кайыкта бир күн өткөрүп, суунун жаңы агымын күтүүгө туура келген. Бир күндөн кийин деле агымы катуу келген суу кайыкка жардам берген эмес.

Балыкчы сүзүп жүргөн суу унаасын баткактан өз алдынча чыгара албай турганына көзү жетип, байланыштын начар болгонуна карабай полицияга кабар берген. Ал баасы 23 миң доллар кайыгын таштап кетпей тургандыгын айтып, ал эми полиция тик учак жөнөткөн. Куткаруу аракети оңунан чыгып, балыкчы үйүнө аман-эсен кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0