Бишкекте маршрутка айдоочусу жол эрежелерин одоно бузду. Видео

Жазылуу
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан видеону иликтеп көрүп, айдоочуга карата чара колдонуларын билдиришти

Бишкек шаарынын тургуну маршрутка айдоочусу жол эрежелерин бузуп бара жаткан учурду видео тартып алып, Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналына жиберген. 

Жоругуңар жолдо калсын! Маршрутка айдоочуларынын каттамдагы видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жоругуңар жолдо калсын! Маршрутка айдоочуларынын каттамдагы видеосу
01KG 241 AAB номерлүү чакан автобус Чүй проспектиси менен бара жатып, жол чийиндин тыюу салынган жеринен өтүп, жол чырактын кызыл өңү күйүп турганына карабай бурулуп кеткенин көрүүгө болот. 

Окуя жума күнү саат 11.00 чамасында болгон.

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан видеону иликтеп көрүп, айдоочуга карата чара колдонуларын билдиришти.

Жолдо жүрүү эрежелерин тоготуп койбогон айдоочулар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0