Кытайдын Чунцин провинциясында экстремалдуу аттракцион эл кызыгуусун арттырууда. Оюндун катышуучулары жерден 300 метр бийиктиктеги көпүрөгө шаты сымал аралыгы ачык-ачык тизилген тактайлардан басып өтүшөт. Өзүн эр экенин көрсөткүсү келгендер үчүн тактайлардын аралыгын алыстатып, көзүн таңып өтүү талабы коюлат. Албетте жаза басып алса жерге кулап түшпөйт, анын алдын алып коопсуздук үчүн белине трос байлап коюшат.
Кыргызстанда дагы жүрөгү тоолор үчүн ушул сыяктуу экстремалдуу эс алуунун жети түрү бар.