Бишкекте кулаган дарак аз жерден автобусту басып кала жаздады. Видео

Жазылуу
Бак катуу шамалдан улам кулаган

Борбор калаада чоң дарак автобусту аз жерден басып кала жаздаганын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.

Кыйылган дарак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көрктүү Бишкек көп кабаттуу үйлөрдүн шаарына айланганда. Кейиткен видео
Окуя 30-мартта эртең менен 8:20лар чамасында Тоголок Молдо менен Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабыркагандар жок.

Видеодо кулаган бак жолдун жарымын жаап калганын жана жанында бош автобус турганын көрүүгө болот.

"Бишкекзеленхоз" муниципалдык ишканасы дарак кулаганын тастыктап, окуя болгон жерге ыкчам топ чыгып кеткенин кошумчалады. Дарак катуу шамалдан улам кулаганы айтылды.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0