Айланма жолдо чөп жүктөп бараткан Porter өрттөнүп кетти. Видео

Жазылуу
Күбө бир нече адам кичи жүк ташуучу унаадан чыккан өрттү өчүрүүгө аракет жасап жатканын видеого тартып WhatsApp-каналы аркылуу жиберди.

Бишкекте милиционерлер өрттү кол менен өчүрдү. Күбөнүн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте милиционерлер өрттү кол менен өчүрдү. Күбөнүн видеосу
Кырсык 25-март күнү кечке жуук болгон. Анын божомолунда жол четинде күйүп жаткан камыштын жалыны чөпкө жармашып, өрт чыккан.

Ал эми ӨКМден билдиришкендей, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 29-чакырымында чыккан өрт тууралуу маалымат 25-март күнү саат 19.00дө келип түшкөн. Окуя болгон жерге бир өрт өчүрүүчү унаа барып, өрттү өчүргөн. Hyundai Porter толугу менен күйүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0