Кемероводогу өрт кандай башталган. Видео

Жазылуу
Тергөөчүлөр соода борбор олуттуу эреже бузуу менен иштеп келгенин айтышты

Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборунда чыккан өрт кандай жайылганы видео байкоого түшүп калган. Анын видеосу Телеграммдагы "112" тобуна жарыяланды.

Видеодо коюу түтүн имараттын ичин саналуу гана секундаларда каптаганын көрүүгө болот. Ары-бери чуркап жүргөн кишилердин элеси гана байкалат.

Цветы, свечи и мягкие игрушки возле здания торгового центра Зимняя вишня в Кемерово, где произошел пожар - Sputnik Кыргызстан
Путин Кемерового келип, өрт чыккан жерге гүл койду
Өрттүн чыгышы боюнча төрт киши кармалды. Тергөөчүлөр соода борбору олуттуу эреже бузуу менен иштеп келгенин айтышууда.

Кемероводо үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

Жекшемби күнү, 25-мартта, Кемерово шаарындагы төрт кабаттуу соода борборунда өрт чыгып, 64 киши каза болгон. Анын сегизи балдар экени аныкталган. Жабыркагын 13 киши ооруканада дарыланууда, алар иске ууланып калган.

Сан жагынан алып караганда бул өрт Россиядагы эң чоң төрт кырсыктын катарын толуктайт. 1999-жылы Самара ИИБинде өрт чыгып, 57 киши каза болгон. 2007-жылы Краснодар крайындагы карылар үйүндөгү өрт 63 кишинин өмүрүн алган. 2009-жылы Пермь шаарындагы "Хромая лошадь" клубунда чыккан өрттөн 153 киши өлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0